Жүрөктүн УЗИ (Эхокардиограмма) - бул диагностикалык процедура, мында жүрөк жана жүрөк тамырларынын түзүлүшү визуализацияланат. Бирок, Cortex клиникасында жогорку технологиялык жабдуулардын жардамы менен сиз жүрөктү гана эмес, бүткүл дененин кан тамырларын да текшерүүдөн өтө аласыз. Бул изилдөөнүн бардык майда-чүйдөсүнө чейин тажрыйбалуу эмгек сиңирген дарыгер Салкын Чолпонбаева айтып берди.