Нейрохирургия – медицинанын негизги милдети болгон жаракаттардан, шишиктерден же тубаса аномалиялардан келип чыккан омуртка жана жүлүн, мээ, перифериялык жана борбордук нерв системасынын ооруларын хирургиялык жол менен дарылоочу тармагы.
Белгилүү нейрохирург Байымбет Талайбеков Кыргызстандын тургундары CORTEX хирургиялык борборуна көбүнчө кайсы оорулар менен кайрылышат, бул клиникада кандай операциялар жасалат жана көңүл ооруткан диагнозду койгондо биринчи соккуну кантип көтөрүү керектиги тууралуу айтып берди.