КОРТЕКС клиникасында 80 жаштан ашкан бейтаптар да бутуна турушат.
Таяныч-кыймыл аппаратынын оорулары тубаса болушу мүмкүн, же оорунун же кырсыктын натыйжасында пайда болушу мүмкүн.
Көптөгөн адамдар таяныч-кыймыл аппаратынын ооруларынан жапа чеккендиктен, биздин жазылуучулар ортопед дарыгери менен маектешүү өтүнүчү менен редакциябызга көп кайрылышат. Бардык суроолорду топтоп, CORTEX клиникасына алдыңкы травматолог-ортопед Таалайбек Шералиевге кайрылдык.