Select your language

    Кореялык офтальмологдор Чүй облусунун Жайыл районунун тургундарын бекер текшерүүдөн өткөрүштү

    Кореялык офтальмологдор Чүй облусунун Жайыл районунун тургундарын бекер текшерүүдөн өткөрүштү

    КР Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, 2024-жылдын 30-сентябрынан 4-октябрына чейин Чүй облусунун Жайыл районунда Vision Eye Camp Кыргызстан компаниясы тарабынан уюштурулган кайрымдуулук медициналык акциясы болуп өттү.

    Түштүк Кореядан текшерүү жана операцияларды жүргүзүү үчүн 22 адис, анын ичинде үч офтальмолог хирург келген.

    Акциянын негизги максаты Чүй облусунун Жайыл районунун жана ага жакын аймактардын тургундарына офтальмология тармагында медициналык жардам көрсөтүү болду.

    Адистер 600 бейтапты текшерип, анын ичинен 97 бейтапка катаракта операциясы жасалат. Ошондой эле акциянын алкагында бейтаптарга 500гө жакын көз айнек жана тамчылаткычтар бекер таратылды.

    Select your language