Бул тууралуу КР Эмгек жана социалдык коргоо министрлиги билдирди
Кыргызстанда ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды реабилитациялоону жакшыртууга багытталган ATTILAN эл аралык санариптик долбоорун ишке ашыруу башталды. Тиешелүү меморандумга Эмгек министрлигине караштуу Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемеси менен «Сколково» инновациялык борборунун резиденти россиялык «Моторика» компаниясы кол коюшту.
ATTILAN долбоору веб-сайтты, мобилдик тиркемени жана маалымат базаларын камтыган интеграцияланган санариптик платформа болуп саналат. Ал ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын үстүнкү жана астыңкы буту үчүн протездерди, коляскаларды, протездөө борборлорун өндүрүүчүлөр, ошондой эле реабилитациялоо менен алектенген кайрымдуулук жана уюмдар менен өз ара аракеттенүүсү үчүн арналган.
Платформа техникалык реабилитациялык жабдуулардын каталогун сунуштайт, протездерди жасоого жана оңдоого электрондук арыздарды берүүгө, ошондой эле бул тиркемелерди эсепке алуу жана башкарууга мүмкүндүк берет.
Мындан тышкары, колдонуучулар билдирүүлөрдү, протездерди колдонуу боюнча инструкцияларды, ошондой эле алардын ишмердүүлүгү боюнча статистиканы жана мониторинг жана отчеттуулук үчүн атайын формаларды ала алышат.