Select your language

    Түп районунда Жалпы дарыгерлик практика борборунун жаңы имараты ачылды

    Түп районунда Жалпы дарыгерлик практика борборунун жаңы имараты ачылды

    14-октябрда Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Жалпы дарыгерлик практика борборунун жаңы имаратынын ачылыш аземи болду. Бул тууралуу КР Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. 60 орундуу борбордук медициналык пункттун 2 кабаттуу имаратын курууга республикалык бюджеттен 88 миллион сом бөлүнгөн. Имаратта хирургия, төрөт, балдар жана реанимация бөлүмдөрү жайгашкан.


    «Жаңы имараттын курулушунун аркасында бардык керектүү жабдыктары менен райондун тургундары сапаттуу медициналык тейлөөгө мүмкүнчүлүк алышат. Биз мындан ары да өлкөбүздүн ар бир жашоочусу керектүү медициналык кызматты эң жакшы шарттарда ала алышы үчүн иш алып барабыз», - деп белгиледи салтанаттуу аземге катышкан КР Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев.

    Select your language